Италиялык компания Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар

Экономика

Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте италиялык Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу презентация жасап, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле капитал салуу үчүн артыкчылыктуу багыттар жөнүндө кеңири маалыматтар менен бөлүштү.

Unimpresa компаниясы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экенин билдирип, диалогду улантууга, конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңири иштеп чыгуу максатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жана кошумча консультацияларды уюштуруу тууралуу макулдашты.