“Унаа” кепилдиги: 58 кыргызстандык баштапкы төлөмсүз унаалуу болду

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-11-24 at 13.01.09.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. “Кепилдик фонд” ААКсынын жаңы “Унаа” кепилдик продуктусу аркылуу Кыргызстандын 58 жараны өлкөдө чогултулган автоунааларды баштапкы төлөмсүз сатып алды. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 10-ноябрына карата “Унаа” продуктусу боюнча берилген кепилдиктердин суммасы 24,5 млн сомго жакындап, бул жарандарга 107,1 млн сомдон ашуун суммада автонасыя алууга шарт түзгөн.

“Бир гана октябрь айында 6,5 млн сомдук 18 кепилдик берилген, алардын жардамы менен 29,5 млн сом өлчөмүндө автонасыялар берилди. “Унаа” продуктусы 2025-жылдын март айында ишке кирген "Автокредитти жеңилдетилген каржылоо-2" мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. Программанын максаты ички өндүрүштөгү автоунааларга жана коммерциялык транспортко болгон суроо-талапты колдоо”, - деди Абакиров.

Белгилей кетсек, “Унаа” кепилдиги Tulpar Motors ишканасы чыгарган Chevrolet унаа маркасынын каалаган моделин сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Кепилдикти “Элдик Банк”, “Айыл Банк” аркылуу автонасыя алууда колдонсо болот.

“Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы билдиргендей, кепилдик физикалык жактарга, анын ичинде жеке ишкерлерге ошондой эле соода тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жактарга жеткиликтүү. Ал эми "Унаа" продуктусу боюнча “Кепилдик фонддун” катышуусунун максималдуу үлүшү каржылоо суммасынын 30 пайызын түзөт.