Унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Ысык-Көлдө мас абалындагы айдоочу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 01 Июнь 2025 12:02
copyright icon WWW

Бишкек 01.06.25 /Кабар/. Ысык-Көлдө мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол инспекторлору Балыкчы шаарынын чыга беришинен “Kia Morning” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып келе жаткандыгын байкашкан.

Кызматкерлер унааны токтотуу учурунда айдоочусу баш ийбей 10 чакырым аралыкка чейин качкан. Токтотуп текшерүү учурунда унааны бербей, экинчи ирет  качып жөнөгөн.

Аягы  унаа токтотулуп, кошумча экипаж чакыруу менен наркология бөлүмүнө жеткирилген. Ал жактан айдоочунун спирт ичимдигин ичкендиги аныкталып, унаа айып короо жайына токтотулуп, кызматкерлердин токтотуу талабына баш ийбегендиги үчүн кошумча айып салынды.

Ошондой эле текшерүү учурунда бул айдоочу буга чейин да бир нече ирет мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү аныкталган.

Эми бул айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыратылат.