Улуттук илимдер академиясында Үй-бүлө кодексинин долбоору талкууланды

Коом 15 Май 2025 09:10
497822260_1134073438762328_3907320693597642982_n.jpg
492655094_1134073592095646_65058113204199566_n.jpg
497387960_1134073168762355_9144647537517746070_n.jpg
497399327_1134073612095644_5546401128380577538_n.jpg
497454934_1134073638762308_2137568021024249263_n.jpg
497405559_1134073085429030_557253046340466045_n.jpg
493143384_1134073312095674_3747057992957338624_n.jpg
497902560_1134073488762323_5998837361511958339_n (1).jpg
Алдыга
Артка
497822260_1134073438762328_3907320693597642982_n.jpg
492655094_1134073592095646_65058113204199566_n.jpg
497387960_1134073168762355_9144647537517746070_n.jpg
497399327_1134073612095644_5546401128380577538_n.jpg
497454934_1134073638762308_2137568021024249263_n.jpg
497405559_1134073085429030_557253046340466045_n.jpg
493143384_1134073312095674_3747057992957338624_n.jpg
497902560_1134073488762323_5998837361511958339_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясында КР Үй-бүлө кодексинин долбоору талкууланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманы аткаруунун алкагында үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган чараларды иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү.

Жыйында эмгек министри Равшанбек Сабиров үй-бүлө мыйзамдарын заманбап талаптарга жана улуттук баалуулуктарга шайкеш келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Үй-бүлө – коомдун негизи, ал эми мамлекеттин милдети – аны укуктук жактан коргоо. Жаңы кодекстин долбоору салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен бирге бүгүнкү күндүн реалдуулугун да эске алууга багытталган", – деди министр.

Иш-чарага президенттин администрациясынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев, мамлекеттик органдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Равшанбек Сабиров белгилегендей, аймактарда жана адистер менен өткөрүлгөн талкуулардын жүрүшүндө түшкөн сунуштар кылдаттык менен каралып, документти кайра иштеп чыгууда эске алынды.

Долбоордун негизги жоболору:

  • долбоор 7 бөлүмдү, 15 глава жана 107 беренени камтыйт. Ал КР "Нормативдик укуктук актылар жөнүндө" мыйзамына ылайык жаңы редакцияда даярдалган;
  • "Үй-бүлөлүк милдеттер" жана "салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар" деген жаңы түшүнүктөр киргизилген;
  • кодексте Бала жөнүндө кодексти кайталаган жоболор алып салынган, ал өз алдынча укуктук акт катары калат;
  • никеге туруудан мурун медициналык кароодон өтүү милдет эмес, укук катары сунушталууда;
  • никеге туруу жаш курагы 18 жаш бойдон калат деген позиция бекемделген.

Талкуу мамлекеттик бийлик, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана жарандык коом үчүн маанилүү диалогдук аянтча болду. Катышуучулар үй-бүлөнү бекемдөөгө, балдардын укуктарын коргоого жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Май айынын аягына чейин Эмгек министрлигинин имаратында жумушчу топ жана кызыкдар тараптар Үй-бүлө кодекси боюнча келип түшкөн сунуштарды талкуулоону жыйынтыктоо үчүн чогулушат.