Жогорку Кеңеште аялдардын лидерлигин өнүктүрүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 25 сентябрь 2026 13:30
823758106_1097925736026587_7113447515740055243_n.jpg
825407737_1088703037033710_5624926649107318520_n.jpg
795662333_950360184178622_8202520847251423081_n.jpg
821388635_2333815807457522_8467323472594488784_n.jpg
Алдыга
Артка
823758106_1097925736026587_7113447515740055243_n.jpg
825407737_1088703037033710_5624926649107318520_n.jpg
795662333_950360184178622_8202520847251423081_n.jpg
821388635_2333815807457522_8467323472594488784_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев аялдардын лидерлигин, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана укуктарын коргоо маселелерине арналган улуттук диалогго катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Кыргыз Республикасынын келечегин калыптандыруучу аялдар: лидерлик, адилеттүүлүк, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана тынчтык" аталышындагы иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле аймактардан 70ке жакын лидер айым катышты.

Марлен Маматалиев аялдардын саясатта, экономикада, бизнесте, илимде, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, маданиятта жана спортто активдүү роль ойноп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулук, жумушка орношуу, ишкердик жүргүзүү, экономикалык ресурстарга жана укуктук жардамга жетүү сыяктуу көйгөйлөр дагы бар экенин айтты.

Төрага айрыкча айыл жергесиндеги, алыскы жана чек ара аймактарындагы аялдардын маселелерине көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, диалогдун жыйынтыгында айтылган жүйөлүү сунуштар парламенттин мыйзам чыгаруу ишинде эске алынарын билдирди.