Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Улуттук госпиталда варикоцелени жана жамбаштагы варикоздук кеңейген кан тамырларды эндоваскулярдык жол менен дарылоонун заманбап ыкмаларына арналган эл аралык практикалык мастер-класс өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эксперт Евгений Мундун катышуусундагы окутуу медициналык адистердин квалификациясын жогорулатуу, клиникалык тажрыйба алмашуу жана аз инвазивдүү хирургия багытындагы практикалык көндүмдөрдү кеңейтүү максатында уюштурулду.
Мастер-класска госпиталдын урология, кан тамыр хирургиясы жана башка тиешелүү бөлүмдөрүнүн дарыгерлери катышты. Практикалык бөлүктүн алкагында Улуттук госпиталдын жабдууларын колдонуу менен медициналык кийлигишүүлөр көрсөтүлүп, иш жүзүндө аткарылды.