Германияда шал оорусуна кабылгандар үчүн нейрочип сыналууда

Дүйнө
Германияда шал оорусуна кабылгандар үчүн нейрочип сыналууда
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Германиялык нейрохирургдар мээнин электрдик стимуляциясы аркылуу сезимдерди ойгото турган кийинки муундагы нейро компьютердик интерфейсти ийгиликтүү сынап көрүштү. Казинформ агенттиги сыноолор Мюнхен техникалык университетинин клиникасында мээ шишигин алып салуу боюнча жасалган операция учурунда жүргүзүлгөн. Бейтап эсин жоготкон эмес. Бул дарыгерлерге анын электрдик импульстарга болгон реакциясын баалоого мүмкүндүк берген.

Операция маалында мээнин бетине 512 микроэлектроду бар аппарат убактылуу жайгаштырылган. Эксперимент учурунда бейтап башынан өткөргөн сезимдерди так сүрөттөп, аларды колдун тийүүсү жана кычышуу менен салыштыра алган. Сыноолор аяктагандан кийин аппарат алынып салынган.

Аталган нейрондук интерфейсти Илон Масктын америкалык Neuralink менен атаандашууну көздөгөн Futrue Neurosciences немис компаниясы иштеп чыккан. Технологиянын уникалдуу өзгөчөлүгү - электроддор мээнин бетине анын ткандарына киргизилбестен жайгаштырылат.

Окумуштуулар келечекте аппарат шал оорусу менен ооруган адамдарга роботтук механизмдерди башкарууга жана сенсордук кайтарым байланышты алууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнүшүүдө.