Улуттук банк Ысык-Көлдө мыйзам бузган кредиттик союзга айып салды

Экономика 20 февраль 2026 11:18
Улуттук банк Ысык-Көлдө мыйзам бузган кредиттик союзга айып салды
copyright icon Кабар

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан бир кредиттик союзга карата административдик чара көрүлдү.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, аталган финансы-кредиттик мекеме мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген.

Натыйжада Улуттук банктын областтык башкармалыгы тарабынан 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.