Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Улуттук банк республикадагы коммерциялык банктардын бирине карата санкциялардын киргизилишине байланыштуу билдирүү таратты.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, учурда банк сектору туруктуу, жетиштүү капиталдаштырылган жана ар кандай тышкы тобокелдиктерге жетиштүү ликвиддүүлүккө жана туруктуулукка ээ. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз банктык кызматтарды көрсөтүшүүдө.
“Улуттук банк “КР Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын жана “Банктар жана банк иши жөнүндө” КР мыйзамынын алкагында кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантат жана зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына мүмкүн болуучу таасирин азайтууга багытталган тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 23-июлда Европа биримдиги санкциялардын 21-пакетин бекиткен. Анын жаңыланган тизмесине Россиянын эл аралык SWIFT системасына альтернатива катары колдонулган төлөм системасына кошулган кыргызстандык “ЭкоИсламикБанк” кирген.