Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 25 Август 2026 10:00
3609775-2.webp
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Улуттук банк башкармалыгы 24-августта эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, чечим бүгүн, 25-августтан тартып күчүнө кирет.

"Тышкы шарттар Кыргызстанда баа динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Өлкөнүн чакан ачык экономикасы үчүн тышкы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр импорттун жана өндүрүш чыгымдарынын өсүшү аркылуу кыска убакыттын ичинде ички рынокто чагылдырылат. Дүйнөдө сакталып турган геосаясий чыңалуулар, анын ичинде Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыр-чатактар жана ага байланыштуу дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүшү өлкөгө импорттолгон товарлардын баасына таасирин тийгизүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 7,3 пайызга өсүп, ал эми жылдык инфляция 11,7 пайызды түзгөнүн белгиледи. Акыркы айларда тышкы таасирдин эң байкаларлык каналдарынын бири күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын жогорулашы болду, бул өлкө ичиндеги транспорттук жана өндүрүш чыгымдарына, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын жогорку туруксуздугунан улам азык-түлүк бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизди. Ошентип, азык-түлүк товарлар тобуна ички баалар үстүбүздөгү жылдын башынан бери 6,3 пайызга, ал эми азык-түлүктөн башка товарларга 5,8 пайызга өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө баа динамикасына ички факторлор таасирин тийгизген, ал 11,1 пайызга өскөн.

Ошондой эле Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда, 2026-жылдын январь-июль айларында ИДПнын реалдуу өсүш арымы 11,1 пайызды түзгөн. Экономикалык өсүшкө, негизинен курулуш тармагындагы жогорку инвестициялык активдүүлүк жана ички керектөөнүн өсүшү таасирин тийгизген. Калктын кирешелеринин өсүшү жана кредит берүүнүн кеңейиши керектөөнү колдоп, ички суроо-талаптын туруктуулугун калыптандырууда.

"Колдоого алынган акча-кредит шарттары инфляцияга түрткү берүүчү тышкы тобокелдиктердин таасирин минималдаштырат жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмүн камсыз кылат. Улуттук банк банк системасындагы ашыкча ликвиддүүлүктү активдүү жөнгө салуу менен инфляцияга акчалай салымды чектөөдө. Мурда кабыл алынган монетардык чечимдер жана тактикалык чаралар пайыздык чендин чегинде жана Улуттук банктын саясаттык ченине жакын болгон кыска мөөнөттүү акча рыногунун чендеринин, анын ичинде BIR ченинин калыптанышына өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, инфляцияга түрткү берүүчү сакталып турган тышкы тобокелдиктер азырынча күчөтүлгөн акча-кредит шарттарын сактоону талап кылат. Улуттук банктын эсептик чени боюнча буга чейин кабыл алынган чечимдердин жалпы таасири жана экономикадагы акча массасын жөнгө салуу чаралары баалардын өсүшүнүн ички булактарын чектөөнү улантууда. Мындай шарттарда Улуттук банктын эсептик ченин сактоо боюнча учурдагы чечим инфляциянын тышкы факторлордон экинчилик таасирин чектөөгө жардам берет жана орто мөөнөттүү келечекте инфляциянын туруктуу төмөндөшү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт.

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүгө кылдат мамиле жасап, түптөлгөн тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берүү ишин улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши ыктымал.

Эскерте кетсек, Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 26-октябрында өтөт.