Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамиленин, достуктун эң жогорку деңгээлде экендигин билдирет. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө 200гө жакын мамлекет болсо, мамлекет башчысы өз мөөнөтүндө бир мамлекетке бир жолу мамлекеттик сапар менен бара алат. Ушундан улам, Кытай төрагасынын өзүнүн кызмат мөөнөтүндө Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши маанилүү окуя болуп саналат.
“Дипломатияда негизинен сапардын үч түрү бар: иш сапар, расмий жана мамлекеттик сапар. Алардын ичинен эң жогорку дипломатиялык деңгээлдеги сапар бул — мамлекеттик сапар. Бул эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин эң жогорку деңгээлде экенин билдирет”, — деди ал.
Ал белгилегендей, расмий сапар дипломатиялык мааниси боюнча кийинки деңгээлде турат, ал эми жумушчу сапар конкреттүү маселелерди чечүү үчүн зарыл учурда уюштурулат.
“Мамлекеттик сапар бир мамлекеттин башчысынын барган өлкөгө болгон эң бийик деңгээлдеги мамилесин, жакын достугун жана стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделишин көрсөтөт”, — деди Улук Кыдырбаев.