УКМК Баткенде пара алып жаткан аскер кызматкерин кармады

Укук тартиби Загрузка... 27 Июнь 2025 15:59
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Лейлекте "Максат" чек ара заставасынын аскер кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнда атайын кызмат тарабынан аскер кызматчыларынын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде Лейлек районунун Эски-Оочу айылында 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Чек ара кызматынын “Максат” чек ара заставасынын 2021 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери А.М.А. кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мүмкүн болгон контрабандалык жүктөрдү аныктоо жана алдын алуу үчүн түзүлгөн посттор аркылуу Тажикстан тараптан контрабандалык жүктөрдү системалуу түрдө өткөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.