УКМК аялдын сабалганы боюнча интернетте тараган видеого ыкчам чара көрдү

Укук тартиби 26 июнь 2025 12:27
513256872_1568504230775246_4486276337561339985_n.jpg
513677437_1568504240775245_4874164562878605377_n.jpg
513981253_1568504197441916_8494062726472415823_n.jpg
496482402_1568503880775281_1075354834601581394_n.jpg
504005908_1568503827441953_4901375105120597877_n.jpg
512741494_1568504214108581_7866858640183228412_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактардагы аялга зомбулук көрсөтүп жатканын көрсөткөн видео тасма боюнча ыкчам чара көрдү.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында видео тасмада көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерди Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери Р.О.Б. жасагандыгы аныкталган.

Н.к.Н. аттуу жарандын арызында 17-майда ГЭС-5 аймагында мас абалында Р.О.Б. аттуу жаран бетине чаап жибергендиги айтылган.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Р.О.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, ага карата 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону аныкталды.

Бул эки окуя тең коомчулукта чоң нааразылыктарды жараткан. УКМК тарабынан тергөө иштери уланууда.