“Учур” театрынын кызматкерлери иш сапарларга транспорт жалдап барчу - Рыскул Боромбаев

Коом Загрузка... 26 Сентябрь 2025 12:20
WhatsApp Image 2025-09-26 at 11.46.10.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.09.25./Кабар/. “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын кызматкерлери аймактарга иш сапарларга чыкканда кызматтык унаа жок кыйынчылыктар жаралып, транспорт жалдап барчу. Бул тууралуу аталган театрдын директору Рыскул Боромбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал эми учурда “Учур” театрына бир кичи автобус берилип сүйүнүп турганын маалымдады.

“Кудайга шүгүр, буга чейин өзүбүздүн унаабыз жок болчу. Бирин-серин эле болбосо, негизи дээрлик республика боюнча бардык эле театрларда транспорт жок болчу. Сапарларга чыкканда унаабыз жок кыйынчылык болуп, транспорт жалдап барчубуз. Эми мына өзүбүздүн унаабыз менен аймактарды кыдырып, гастролдогонго жакшы шарт түзүлдү. Күз келди эми өлкө аймактарына спектаклдер коюла баштайт. Артисттерибиз өтө күчтүү, жакында 19-20-21-сентябда Ош шаарында өткөн республикалык фестивалда гран-прини жеңип алдык”,- деди Боромбаев.

Маданият тармагына мынчалык көңүл буруу буга чейин болбогонун белгилеген театр жетекчиси 2 жылдан бери маданият тармагына өкмөт түз мамиле жасап, театрлар оңдолуп жатканын маалымдады.

“Жалаң гана автобустар эмес президент Садыр Жапаров өкмөт менен биргеликте “Ала-Тоо” аянтында эң мыкты музакалык аппараттарды жана жарык, үн берүүчү жабдууларды алып келишти. Мына эми бүгүн автобустарды, кичи автобустарды бизге тапшырып жатышат. “Учур” театрынын имаратынын долбоору даяр, октябрь айында курулушту баштаганы турабыз. Театрдын имараты эски “Чатыр-Көл” театры бузулуп, ордуна курулат. Буюрса бир жылдан кийин жаңы театрлуу болобуз. Мында көп функционалдуу Борбор Азияда жок театр курулмакчы”,- деди ал.

Ошондой эле ал 2012-жылдан бери иштеп келген “Учур” театры алгач Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алдында түзүлүп, кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берилгенин кошумчалады.