Туюк чакан ГЭСинин курушулу аягына чыкты — Кабар

Туюк чакан ГЭСинин курушулу аягына чыкты

Экономика 7 апрель 2026 16:16
WhatsApp Image 2026-04-07 at 16.34.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-07 at 16.34.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-07 at 16.34.35.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-07 at 16.34.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-07 at 16.34.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-07 at 16.34.35.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon окулук райондук мамлекеттик администрациясы

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан Туюк чакан ГЭСинин курулуш иштери бекитилген графикке ылайык толугу менен аяктады. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо апрель айына пландалууда.

“Аталган долбоорду ишке ашыруу аймактын энергетикалык потенциалын жогорулатууга жана электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоого багытталган. Курулуш процессинде заманбап технологиялар колдонулуп, бардык техникалык жана экологиялык талаптар сакталды”,-деп айтылат маалыматта.