Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Идеалдуу диета ар бир адамдын жеке өзгөчөлүгүнө, жашоо образына жана тамактануу адаттарына ылайык түзүлүшү керек. Бул тууралуу гастроэнтеролог Сергей Вялов айтып бергенин Lenta.ru басылмасы жазды.
Адистин айтымында, жалпыга бирдей сунушталган тамактануу схемалары көп учурда күтүлгөн натыйжаны бербейт. Анткени аларды түзүүдө адамдын күнүмдүк адаттары, кайсы азыктарга көнгөнү жана үй-бүлөлүк тамактануу салты эске алынбай калат.
Ошондуктан тамактануу тартибин түзүүдө адам өзүнүн даам табитин, жашоо образын жана үй-бүлөдө калыптанган тамактануу салтын негизги фактор катары карашы керек.
"Бала кезден көнгөн азыктар жана тамактар адамга ыңгайлуулук жана канааттануу сезимин тартуулайт. Ушундай сезим болбосо, ар кандай диетаны кармануу адам үчүн оор милдетке айланып калат", – деген дарыгер.