Түрк компаниялары менен кыргыз ишкерлеринин алакасы артат

Экономика Загрузка... 04 Март 2026 13:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Күн мурун Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Стамбул Соода палатасынын башчысы Шекиб Авдагич менен жолугушту. Бул тууралуу консулдуктан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, анда тараптар Кыргызстан менен Стамбул шаарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Чыңгыз Токтобеков акыркы эки жылда өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө токтолуп, Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Ошондой эле кыргыз тараптын ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Шекиб Авдагич Стамбулдун компаниялары менен Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты.