Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда

Ден соолук
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Алдыга
Артка
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Тукумсуздукту дарылатуу: Эмгек өргүү киргизүү сунушталууда
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда тукумсуздук маселесине көңүл буруу, аны дарылоого болгон убакытты туура колдонуу максатында тукумсуздукка атайын акы төлөнүүчү дем алыш күндөрүн киргизүүнү сунуштап жатабыз. Бул тууралуу Президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу "Кыргызстандын адам потенциалы: үй-бүлө, балалыктын алгачкы мезгили жана социалдык коргоо механизмдери" аттуу илимий-практикалык конференциянын алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, тукумсуздук коомдо жетиштүү деңгээлде ачык талкууланбай келген сезимтал маселелердин бири. Мындан улам айрым үй-бүлөлөрдө түшүнбөстүктөр жаралып, ажырашууга чейин жеткен учурлар кездешет.

"Бүгүнкү күндө тукумсуздук маселеси тилекке каршы, сезимтал тема катары көп жерде ачык айтылбай келет. Анын айынан көптөгөн үй-бүлөлөр ажырашууга чейин барып жатышат. Ошол эле учурда тукумсуздук аялдарга гана байланыштуу деген туура эмес түшүнүк бар. Чындыгында, эркектер арасында да мындай көйгөй кездешет. Ошондуктан бул маселени жөн гана айтып тим болбостон, ага өзгөчө көңүл буруу зарыл. Тукумсуздукту дарылатууга убакыт бөлүү максатында атайын акы төлөнүүчү дем алыш күндөрүн, эмгек өргүү киргизүүнү сунуштап жатабыз", - деди ал.

Шумкарбек Адилбек уулу белгилегендей, учурда кайсы бир тармакта эмгектенген кызматкерлер ооруп калган учурда эмгекке жарамсыздык баракчасын ала алышат, бирок тукумсуздукту дарылатууга байланыштуу өзүнчө өргүү каралган эмес. Анын пикиринде, мындай мүмкүнчүлүктү расмий түрдө киргизүү жумуш берүүчүлөрдүн да бул маселеге түшүнүү менен мамиле кылышына шарт түзөт.

"Эгерде тукумсуздукту дарылатуу үчүн атайын акы төлөнүүчү өргүү расмий түрдө киргизилсе, бул маселе коомдо да, жумуш берүүчүлөр арасында да туура кабыл алынат. Натыйжада үй-бүлөлөргө дарыланууга жана бул көйгөйдү өз убагында чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай демилге улуттук генофондду сактоого жана өлкөдө төрөлгөн балдардын санын көбөйтүүгө да багытталган", - деди институттун директору.

Мындан тышкары, конференцияда балдарды төрөлгөндөн тартып алты жашка чейин комплекстүү өнүктүрүү боюнча өзүнчө программанын концепциясы сунушталган.

Анын айтымында, учурда балдар менен иштөөдө мамлекеттик программалардын басымдуу бөлүгү 3 жаштан жогорку куракты камтыйт. Ал эми үч жашка чейинки балдар боюнча жоопкерчилик ар кандай тармактык мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

"Биздин сунуш балдар төрөлгөндөн баштап 6 жашка чейин комплекстүү жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган программа иштеп чыгуу. Анда балдардын өнүгүүсү менен катар жарандык аң сезимин калыптандырууга жана кыргыз элинин салттуу маданиятын үйрөтүүгө да көңүл бурулат. Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттин колдоосу баланын алгачкы 3 жашына өзгөчө багытталат. Биз да ушул тажрыйбаны эске алуу менен атайын программанын долбоорун жана концепциясын сунуштап жатабыз", - деп белгиледи Шумкарбек Адилбек уулу.

Ал ошондой эле конференциядагы талкуунун жыйынтыгы боюнча сунуштар президенттин администрациясына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Стратегиялык демилгелер улуттук институту уюштурган "Кыргызстандын адам потенциалы: үй-бүлө, балалыктын алгачкы мезгили жана социалдык коргоо механизмдери" аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, өлкөнүн адамдык потенциалын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө таасир эткен негизги факторлорду талкуулоого арналган. Анда репродуктивдик ден соолук жана үй-бүлөнүн бакубаттуулугунан тартып, балдардын эрте өнүгүүсү, майыптуулуктун алдын алуу жана социалдык коргоо системасын өркүндөтүү маселелери каралды.