Төрт айда ИДПнын өсүшү 12,4 пайызды түздү – Улуттук банк

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 12:18
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү 12,4%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, өлкө экономикасынын бардык секторлорунда оң динамика байкалууда.

Ошону менен бирге, Козубеков дүйнөлүк экономикалык кырдаалдын туруксуздугунан улам инфляция дагы деле сырткы факторлорго сезгич бойдон калып жатканын белгиледи.

"Негизги тобокелдиктер дүйнөдөгү геосаясий чыңалууга, ошондой эле дүйнөлүк рынокто азык-түлүк жана чийки затка болгон баанын кескин кубулушуна (волатилдүүлүгүнө) байланыштуу. Ал эми инфляцияга таасир этүүчү ички факторлор Улуттук банктын жана министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турат", - деди ал.

Козубеков белгилегендей, Улуттук банк инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоо үчүн катаал акча-кредиттик шарттарды сактап калуу зарыл деп эсептейт. Эсептик ченди (учетная ставка) өзгөртүүсүз калтыруу чечими баалардын туруктуулугун камсыздоого жана кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 5-7%дык максаттуу диапазонго кайтарууга багытталган.

"Улуттук банк тышкы жана ички инфляциялык факторлорго байкоо жүргүзүүнү улантарын жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө кылдат мамиле жасайт", - деди ал.