Түркиялык инвесторлор Кыргызстанда фармацевтикалык завод ачууну пландоодо

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркиянын Unien pharma ilaç teknoloji ltd. şti компаниясынын негиздөөчүсү Сафа Йылмаз жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын жана биологиялык активдүү кошулмаларды (витаминдерди) өндүрүү боюнча ишкана ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо, логистикалык мүмкүнчүлүктөр жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышты.

Сыдыков Кыргызстанда калкты сапаттуу жана коопсуз дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ошондой эле дары-дармек каражаттарын мыйзамдуу жана көзөмөлдөнгөн негизде жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Мындан тышкары, ал өлкөдө жергиликтүү дары-дармек жана витамин өндүрүшүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул тармактагы инвестициялык долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, конкреттүү долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты.