Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттери уюмунун Башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев 17-20-март күндөрү Монголияда иш сапары менен болду. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Башкы катчы монголиялык расмий өкүлдөр, дипломаттар жана окумуштуулар менен бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, саясий, экономикалык, маданий жана академиялык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүү перспективаларын талкуулаган.
Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунх менен жолугушуу:
Башкы катчы Өмүралиев сапарын Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунх менен жолугушуудан баштады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Монголия менен ТМУ ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланып, жалпы тарыхый байланыштар жана терең мамилелер баса белгиленди.
Андан соң Монголиянын президенттик аппаратынын жетекчиси Занданшатара Гомбожава менен жолугушуп, тараптар түрк жана монгол элдеринин тарыхый жана маданий байланыштарын талкуулашты. Администрация башчысы Монголиянын ТМУ мүчө-мамлекеттери менен мамилелерди бекемдөөгө умтулуусун баса белгилеп, бул байланыштарды стратегиялык деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Бямбажаргал Алтангэрэл менен жолугушуу өткөрүп, жолугушууда негизги көңүл регионалдык коопсуздук маселелерине, Монголиянын “Үчүнчү кошуна” стратегиясына жана Монголия менен ТМУ мүчө мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Андан соң Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын депутаты Реддел Дугер менен жолугушуп, Башкы катчы Реддел Дугер менен Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) алкагында парламенттер аралык байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулады.
Мындан тышкары, Монголиянын экс-президенти Энхбаяр Намбар менен жолугушуп, Монголиянын экс-президенти Энхбаяр Намбар менен аймактык өнүгүү жана Монголиянын ТМУ мүчө-мамлекеттери менен байланышын чыңдоо боюнча терең талкуу жүргүздү.
Андан сырткары, ТМУ мүчө мамлекеттеринин Монголиядагы элчилери менен жолугушуп, Түркиянын Монголиядагы элчиси Башак Генч Юксел тарабынан уюштурулган расмий сый тамакта Башкы катчы Казакстандын элчиси Габит Койшыбаев жана Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Монголиянын түрк дүйнөсүндөгү орду жана тыгыз кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле Монголиянын Илимдер академиясы тарабынан уюштурулган “Ардактуу коноктордун подиуму” иш-чарасына катышты. Негизги баяндамачы катары ал ТМУнун ишмердүүлүгү жана анын эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле Монголия менен түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий байланыштарын чыңдоодо академиялык өнөктөштүктүн мааниси тууралуу баяндама жасады. Мындан тышкары, ал академиянын жетекчилиги, Тарых жана этнология институтунун жана Археология институтунун директорлору менен жолугушууларды өткөрүп, анда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Белгилендей, расмий жолугушуулардан тышкары, Башкы катчы Өмүралиев Монголиянын эң маанилүү тарыхый жана маданий объектилерин зыярат кылды, анын ичинде Чыңгызхан музейин жана Чыңгызхан айкелинин комплексин кыдырды.
“Башкы катчы Өмүралиевдин Монголияга болгон сапары ТМУ менен Монголиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүүдө маанилүү баскыч болду. Жолугушуулардын жүрүшүндө ар кандай багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү ниети тастыкталды жана Монголиянын ТМУ алкагындагы аймактык демилгелерде активдүү ролу баса белгиленди. Түрк мамлекеттер уюму өнөктөштүктү бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана маданий алмашууну өнүктүрүү боюнча ишин улантууда”,-деп айтылат маалыматта.