Транспорт министрлиги быйыл 457 чакырым жолду асфальттоону пландоодо

Экономика Загрузка... 17 Февраль 2026 12:18
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.58.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026-жылы жол курулушунун жалпы бюджети 39 млрд 111 млн сомду түзөрүн билдирди.

Базаралиевдин маалыматы боюнча, бул сумманын ичинен Каракол шаарынын ички жолдоруна Турукташтыруу фондунан 1,5 млрд сом бөлүнөт. Ал эми капиталдык салымдардын алкагында 20 млрд 680 млн сом каралган, анын ичинен 17 млрд 680 млн сому Барскоон – Бедел жолунун курулушуна багытталат. Жол фондунан 7 млрд 949 млн сом бөлүнөт, кошумча каражаттардын түшүүсүнө жараша бул сумма көбөйүшү мүмкүн.

Жалпысынан 2026-жылы облустар боюнча 457 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда:

  • Чүй облусунда – 83 чакырым;
  • Нарын облусунда – 74 чакырым;
  • Талас облусунда – 61 чакырым;
  • Ысык-Көл облусунда – 58 чакырым;
  • Ош облусунда – 76 чакырым;
  • Жалал-Абад облусунда – 65 чакырым;
  • Баткен облусунда – 37,4 чакырым.