Түп райондук сотунун бөлүм башчысы 85 миң сом параны кайтарып берүү учурунда кармалды

Укук тартиби Загрузка... 16 Апрель 2025 10:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Түп райондук сотунун бөлүм башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалган Түп райондук сотунун бөлүм башчысы А.Э.А. К.Б. аттуу жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн ага 85 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берүүгө мажбурлаган. Бирок, бул өкүм Жогорку сот тарабынан кассациялык тартипте каралып, өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. 2025-жылдын 11-апрелинде мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда А.Э.А. кармалып, соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.