“Торугарт” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасы киргизилип, инфраструктураны модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ААКы билдирди.

Электрондук кезек системасын киргизүү - эл аралык маанидеги негизги транспорттук коридорлордун биринде жүк ташуучу унаалардын кыймылын тартипке келтирүүдөгү маанилүү кадам болду. Буга чейин “Торугарт” өткөрмө пунктунун аймагында байма-бай узун кезектер катталып, айрым учурларда алардын узундугу 25 чакырымга чейин жеткен, бул жол инфраструктурасына чоң күч келтирип, Чатыр-Көл аймагынын экологиясына да терс таасирин тийгизип келген.

Жаңы система жүк ташуучу унааларды алдын ала каттап, электрондук кезекти түзүүгө көмөктөшөт. Унаалар атайын уюштурулган “Кара-Булак” күтүү аймагында жайгаштырылып, белгиленген электрондук тартипке ылайык этап-этабы менен өткөрмө пунктка жөнөтүлөт.

Бул механизм төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт:
- өткөрмө пункттун аймагында унаалардын топтолушунун алдын алуу;
- жолдорго түшкөн жүктү азайтуу;
- жүк ташуучу унаалардын агымын тең салмактуу бөлүштүрүү;
- мамлекеттик чек арадан өтүүнүн ачыктыгын жана алдын ала божомолдоону камсыз кылуу.

Белгиленгендей, долбоор өлкөнүн чек ара инфраструктурасын комплекстүү модернизациялоонун алкагында “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ААК тарабынан ишке ашырылууда.

Ошондой эле "Торугарт" өткөрмө пунктунда ири жаңылоо иштери жүрүп жатканы белгиленди. Ал жерде административдик имараттар реконструкцияланып, аймак кеңейтилүүдө жана жаңы текшерүү комплекси курулууда.

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн заманбап күтүү залы да ачылды. Бул чаралар чек арадан өтүүнү ылдамдатууга, жүк ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга жана Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө багытталган.