Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын тоо-кен тармагына АКШдан, Европа биримдигинен жана Япониядан узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу максатында маанилүү меморандумга кол коюлду.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктигинен билдиришкендей, бүгүн Казакстандагы Alvarez & Marsal Kazakhstan компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

"Келишимдин башкы максаты өлкөдөгү стратегиялык мааниге ээ минералдык ресурстарды өздөштүрүү, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорго эл аралык ири инвесторлорду тартуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул кадам өлкөнүн тоо-кен өнөр жайындагы маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүдө жаңы өбөлгө түзөт.