Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда тоо-кен компанияларынын ортосунда куткаруучулардын мелдеши өттү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анда “Кумтөр Голд Компани”, “Альянс Алтын” компанияларынын куткаруучулары кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүп, аталган борбордун машыгуу талаасында күч сынашты.
Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командалар кубок, медаль менен сыйланышып, куткаруучуларга арналган шаймандар белекке берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов иш-чарада куткаруучу болуу жөн гана кесип эместигин белгилеп, бул чоң жоопкерчилик, кайраттуулук жана эң негизгиси, адам өмүрүн сактоого жан үрөгөн эрдик экенин айтты.