Токой кызматы жаңы жабдуулар жана техникалар менен камсыздалды

Коом 8 октябрь 2026 11:30
d0237024-e7c9-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
c1bdb8ba-53de-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
be2502f8-91af-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
ba42a3bc-0a78-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
64c8695f-facc-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
61c06255-4ca1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
15bffa9e-79f5-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
8ed430c8-beda-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6afdf51f-09e6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Токой кызматы

Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Токой кызматына жаңы техника жана жабдуулар берилди.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, Токой кызматына принтери менен кошо 55 комплект компьютердик техника, 559 планшет жана дрондор сатып алынган.

Компьютердик техника иш процесстерин жакшыртууга, иш кагаздарын жүргүзүүнү тездетүүгө, электрондук отчеттуулукту кеңейтүүгө жана кызматтык маалыматтарды ыкчам иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Планшеттер жана дрондор түздөн-түз талаа шартында, анын ичинде тоолуу жана жетүүгө кыйын токой аймактарында иштеген кызматкерлерге берилет. GPS-навигация жана геолокация функциялары, ошондой эле атайын тиркемелер менен жабдылган мобилдик түзмөктөрдүн жардамы менен токой фондунун абалын ыкчам көзөмөлдөп, мыйзамсыз бак кыюу фактыларын, токой өрттөрүн, браконьерликти жана башка мыйзам бузууларды аныктоого болот. Ошондой эле маалыматтарды тиешелүү бөлүмдөргө өз убагында жөнөтүүгө шарт түзүлөт.

Мындан тышкары, Токой кызматына JAC үлгүсүндөгү унаалар, экскаватор жана JAC T9 пикабы берилди.

Бул техника тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда рейддерди өткөрүүдө, токой кайтаруу кызматкерлерин ыкчам жеткирүүдө, ошондой эле өрт өчүрүүчү жабдууларды, көчөттөрдү жана башка керектүү каражаттарды ташууда колдонулат.