Токмокто 20 жаштагы жигитти сабаган шектүүлөр кармалды

Укук тартиби Загрузка... 05 Июнь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. 3-июнда Токмок шаарынын тургунун сабаган деп шектелген адамдардын тобу аныкталып, кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 27-майынан 28-майына караган түнү Токмок шаарындагы «Караван-Сарай» кафесинин аймагында 2005-жылы туулган Ж.Т. жаранга белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон.

Бул факты боюнча жабырлануучунун жакындары арыздангандан кийин сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында УКМКнын жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары С.Б., А.А. жана К.Н. аттуу 3 адам кармалды.

Кылмышка шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, укук коргоо органдары тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Белгилей кетсек, жабырлануучу Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургия бөлүмүндө жаак сыныгы диагнозу боюнча стационардык дарыланууда.