Токмок шаардык мэриясынын бир катар кызмат адамдары кармалды

Укук тартиби 26 июнь 2025 11:55
511583517_1567825194176483_1350934655573589613_n.jpg
511719757_1567825257509810_7345497297800489617_n.jpg
512662972_1567825234176479_3536338846703359996_n.jpg
513172476_1567825204176482_86323684608866422_n.jpg
Алдыга
Артка
511583517_1567825194176483_1350934655573589613_n.jpg
511719757_1567825257509810_7345497297800489617_n.jpg
512662972_1567825234176479_3536338846703359996_n.jpg
513172476_1567825204176482_86323684608866422_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Токмок шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына жана аткаруучу иш-каналардын жетекчилерине карата сейил бакты көрктөндүрүү, ошондой эле шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматтарга караганда, Токмок шаарындагы спорт мектебин жана сейил багын оңдоп-түзөө иштери боюнча тендерди «Аль-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсы жеңип алган, мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 млн сомдон ашык болгон.

Ошол эле учурда аталган спорт мектебин оңдоп-түзөө жана сейил бакты көрктөндүрүү иштери 2024-жылдын башында башталып, жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес.

Спорт мектебинин имаратын капиталдык оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду, ал эми сейил багын көрктөндүрүү үчүн 44 млн 283 миң сомду түзгөн.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жана дайындалган аудитордук текшерүү иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамын одоно бузуулар, карама-каршылыктар, ошондой эле иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүн ашыра көрсөтүү жана жасалма отчетторду берүү фактылары аныкталган.

Көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды Токмок шаарынын мэри Н.М.О., аткаруучу иш-кананын жетекчиси К.Т.Э., мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А. жана техникалык көзөмөл боюнча адис А.А.Э. өз ара сүйлөшүп алып ишке ашырышкан.

Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарынын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 24-июнда Н.М.О., К.Т.Э., Т.у.А. жана А.А.Э. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын толук көлөмүн документтештирүү жана аныктоо максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.