ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары "Ынтымак Ордого" келишти

Коом 663 18 Сентябрь 2025 15:05
WhatsApp Image 2025-09-18 at 15.08.54 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 15.08.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 15.08.55 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 15.08.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 15.08.55.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин жолугушуусуна катышуу учун Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстадын премьер-министри Олжас Бектенов, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз "Ынтымак Ордого" келишти.

ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Эскерте кетсек, келген конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алган.