Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Өткөн жылы 1 миң 223 этникалык кыргызга “кайрылман” макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдарканов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, алар Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Россия, Түркия, Афганстан жана башка өлкөлөрдөн келген. Учурда тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын жашоо шарттын жакшыртуу боюнча максатка ылайык иштер аткарылууда.
“Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөк пулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоо, билим берүү кызматтарын алууга жана ишке орношууга укуктуу. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде, Жер кодексине ылайык, айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат. Мындан сырткары, аларга жыл сайын жогорку окуу жайлардын гранттык орундар бөлүнөт. “Кайрылман” макамын алган этникалык кыргыздар республиканын мыйзамдуу жарандары менен бирдей негизде билим ала алышат. Ушул тапта 439 этникалык кыргыз гранттык негизде билим алууда”,-деди ал.
Белгилей кетсек, “кайрылман” макамы бир жылга берилет.