ТИМ өкүлү Россияга кирүүдөгү жаңы эрежелерди эскертти

Коом Загрузка... 30 Июнь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна ылайык, 2025-жылдын 30-июнунан тарта Россияга сапарга чыккан виза талап кылынбаган чет мамлекеттин жарандары өзүнүн жеке маалыматтарын берип, RUID мобилдик тиркемесине жүктөшөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

WhatsApp Image 2025-06-27 at 11.20.50.jpeg

Анын айтымында, бул тажрыйбалар былтыр 7-ноябрда Россия өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынып, эки этапка бөлүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан, саналуу күндөрдөн кийин Россияда тажрыйбанын экинчи этабы ишке кирип жатат.

“Биринчи этапта Россиянын аймагына киргенде жарандар өздөрүнүн биометрикалык жеке маалыматтарын берүү эксперменти кирген. Ошол эле токтомдо көрсөтүлгөндөй, 2025-жылдын 30-июнунан башталган экинчи этапта Россияга сапарга чыккан виза талап кылынбаган чет мамлекеттин жарандары өлкөгө кирерден мурда RUID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө маалымат берип, каттоодон өтүшү керек. Бул боюнча 23-июнда Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен нота алдык. Ал нотада маалымат тиркелип, 30-июнда эрежелер тажрыйба иретинде кирет деп жазылган. Алынган маалыматка жараша RUID тиркемесин Россияга бара турган биздин жарандар алдын ала телефонуна жүктөп, кадам менен талап кылынган маалыматтарды толтурушат”,- деди Бакыт Кадыров.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин өкүлү RUID мобилдик тиркемесин толтуруунун жол-жобосуна токтолду.

“Алгач жеке маалыматын, андан кийин өзүнүн жүзүн, паспортунун көчүрмөсүн киргизет. Жаран кайсы мамлекеттен Россиянын кайсы аймагына баратканын, кайсы күнү чек арадан кирерин жана кайсы күнү чыгып кетерин толтуруп жазышы керек. Бардыгы толтурулгандан кийин маалымат тиркемеде сакталып, жаранды каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- дейт ал.

Аталган тартип виза талап кылынбаган чет элдик жарандар үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Бирок, бул талаптан бошотулган категориядагы жарандар да бар экени кошумчаланды.