Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча кеңейтилген жыйын өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар аткарылган иштер жана кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат беришти.
Министрдин орун басары Искендер Асылкулов жеңил өнөр жай өлкө экономикасынын эң динамикалуу өнүгүп жаткан жана социалдык мааниге ээ тармактарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, өз убагында жана системалуу мамлекеттик колдоо тармактын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча бир катар негизги көйгөйлүү багыттар боюнча чечимдер иштелип чыкты:
- логистикалык коридорлорду каржылоого мүмкүнчүлүк алуу;
- продукцияны экспорттоо шарттарын жакшыртуу;
- чет өлкөлүк адистерди тартуу маселелерин жөнгө салуу;
- заманбап тармактык лабораториянын курулушу.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик органдарга жана финансы институттарына белгиленген көйгөйлөрдү чечүү жана тигүү тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды оперативдүү тартипте берүү тапшырылды.
Бул багыттагы иштер президенттин жеке көзөмөлүндө турат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы 2-январда президент Садыр Жапаров тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырма берген.