Тигүү тармагындагы кызматкерлер үчүн төлөмдөр төмөндөтүлдү

Экономика Загрузка... 11 Март 2026 09:08
62f09a738c1e2776939302.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда тигүү тармагы үчүн кызматкерлердин милдеттүү төлөмдөрү төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы эле бул тармак үчүн бирдиктүү салыктын 0,25 пайыз өлчөмүндөгү ставкасы киргизилген. Бул өндүрүш тармагы үчүн эң төмөнкү ставка болуп эсептелет.

"0,25 пайыз — бул өндүрүш үчүн эң төмөнкү ставка. Башка тармактарда, мисалы, накталай эсептешүүдө — 4 пайыз, накталай эмес эсептешүүдө — 2 пайыз болсо, бул жерде төлөм 10 эсе төмөн", — деди ал.

Ошондой эле Кубанычбек Ысабеков чакан бизнестин айрым өкүлдөрү үчүн патент менен иштөө мүмкүнчүлүгү калганын билдирди. Мисалы, чакан тигүү цехтеринде 10 тигүү машинасына 2 миң сом, кийинки 10 машинага 1 миң сом төлөнөт. Ошол эле учурда ар бир патент боюнча жылдык жүгүртүү 8 млн сомдон ашпоого тийиш.

Ал негизги маселе бирдиктүү салыкка эмес, кызматкерлер үчүн төлөнүүчү киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө байланыштуу болгонун түшүндүрдү. Мурда бул сумма кызматкерлердин категориясына жараша 5,5 миң сомдон 9,5 миң сомго чейин жеткен.

"Төлөмдөр өтө көп деген сунуштардан кийин, биз бардык категорияларды бириктирип, сумманы 2,5 миң сомго чейин төмөндөттүк. Натыйжада төлөмдөр 3–4 эсе азайды. Мындан кийин тармак өкүлдөрү ачык иштеп, кызматкерлерди расмий көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти", — деди Кубанычбек Ысабеков.

Ал тигүү тармагы социалдык жактан маанилүү экенин, анда миңдеген адамдар иштеп жатканын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу мамлекет бизнестин мыйзамдуу жана туруктуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө кызыкдар.