Темир жол аркылуу жүк ташуу: Жаңы санариптик система ишке киргизилет

Экономика Загрузка... 02 Март 2026 12:35
nowy-jedwabny-szlak.jpg

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Учурда жүк ташуулардын бардык этаптарын бир программалык камсыздоого бириктирген “Ташуу процессинин бирдиктүү модели” жаңы санариптик система ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы программа жүк ташуунун бардык процесстерин бирдиктүү платформада жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. “Турксиб” бекетинде вагондорду кабыл алуудан тартып, аларды андан ары өткөрүп берүүгө чейинки бардык операциялар автоматташтырылууда.

Жүк жөнөтүүчүлөр жана жүк алуучулар үчүн ишкананын railway.gov.kg сайтында жеке кабинеттер түзүлгөн. Алар аркылуу кардарлар арыздарын онлайн тариздей алышат. Бул программаны ишке киргизүүнүн натыйжасында документ иштеринин убактысы эки эсеге кыскарып, каталардын тобокелдиктери азайып, иштин ачыктыгы жана кардарлар менен өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуулугу жогорулоодо.

Жаңы программанын негизги артыкчылыктары:

  • вагондордун токтоп туруусун эсепке алуу жана ар бир учур боюнча жыйымдарды автоматтык эсептөө;
  • бекеттик отчетторду автоматтык түзүү жана кирешелерди ачык-айкын көзөмөлдөө;
  • маалыматтарды кол менен киргизүүгө байланышкан каталарды жоюу;
  • күнүмдүк кайталанма операцияларды автоматташтыруу;
  • кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана бардык процедураларды тездетүү.