Темир Сариев: Гидроэнергетика – экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы

Экономика Загрузка... 07 Апрель 2026 12:05
a89f8bd1-83bd-40ab-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Гидроэнергетика — бул ишенимдүү жана таза энергиянын булагы гана эмес, бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнүн, технологиялык өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун кыймылдаткычы. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев "Гидроэнергетика – Борбор Азия жана Каспий" аттуу эл аралык конгрессте билдирди.

Ал бүгүнкү күндө дүйнө жүзү климаттын өзгөрүшү жана энергетикалык коопсуздуктун зарылдыгы сыяктуу чакырыктарга туш болуп жаткан чакта, суу ресурстарынын жана гидроэнергетикалык потенциалдын ролу ого бетер маанилүү болуп жатканын белгиледи.

"Өз кезегинде Соода-өнөр жай палатасы өлкөдөгү бизнес-демилгелерди, өзгөчө экономиканын стратегиялык маанилүү тармактарын, анын ичинде энергетика секторун колдоо жана алдыга жылдыруу боюнча ырааттуу жана системалуу иштерди жүргүзүүдө. Мен толук жоопкерчилик менен айта алам: энергетика тармагындагы бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттар дал ушул Кыргызстанда. Бул багытта Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулук менен тыгыз иш алып барылды. Натыйжада, энергетика тармагына салыктык жана бажы жеңилдиктерин берүүгө багытталган сунуштардын басымдуу бөлүгү ишке ашты", — деп баса белгиледи Темир Сариев.