Тарыхый рекорд: Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү $27 млрд ашты

Экономика Загрузка... 19 Март 2026 11:20
686fe135f374d.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 27,2 млрд долларга жетип, тарыхый рекордду жаңылады. Бул тууралуу Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин сессияларынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпин билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга таасирдүү өсүштү көрсөттү.

"Өткөн жылы Кытайдын Борбор Азиядагы беш өлкө менен болгон жалпы соода көлөмү 100 млрд доллардан ашты. Бул зор көрсөткүчтүн төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Кыргызстанга таандык. Бул – Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык мамилелеринде жаңы тарыхый максималды расмий түрдө бекемдеген олуттуу көрсөткүч", – деп билдирди элчи.