Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Нарын облусундагы Куланак ГЭСин курууга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча келишимге кол койду.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, 100 МВт кубаттуулуктагы гидроэлектростанция жылына болжол менен 435 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүп, энергетикалык дефицитти болжол менен 11 пайызга азайтууга мүмкүндүк берет.
Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын регионалдык электр энергиясы рыногундагы позициясын бекемдөөгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана Нарын районунда сугарылуучу аймактарды кеңейтүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга салым кошот.
Маалымат үчүн: КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы – бул өлкөнүн өнүгүү финансылык институту болуп, өз ишмердүүлүгүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик артыкчылыктарынын алкагында жүргүзөт. 2023-жылдын 1-декабрынан тартып банктын акцияларын министрлер кабинети ээлейт, бул учурда акционердин функциясы расмий түрдө Финансы министрлигине тапшырылган. Башкаруунун мындай структурасы банктын мамлекеттик финансылык саясат менен тыгыз координацияда иштешине жана негизги инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду туруктуу жүзөгө ашыруусуна шарт түзөт.