Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо мыйзамы ар кандай топтордун кызыкчылыгынан улам кабыл алынбай келген – Исаков

Коом Загрузка... 05 Июнь 2025 14:04
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.25. /Кабар/. “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам акыркы 4-5 жылдан бери талкууланып бирок, ар кандай топтордун кызыкчылыгынан улам кабыл алынбай келген. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысынын милдеттин аткаруучу Төлө Исаков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

WhatsApp Image 2025-06-05 at 12.25.13.jpeg

Анын айтымында, учурга чейин өлкөдө тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзам болгон эмес.

“Акыркы 4-5 жылдан бери аталган мыйзам долбоору талкууланып келе жатат. Саламаттык сактоо министрлиги жана депутаттар менен биргеликте иштелип чыгып, 4-5 жыл мурда да бир нече окууга коюлган. Бирок, ишкерлер, бизнес структуралары тараптан ар кандай топтордун кызыкчылыгы болуп, ушул убакытка чейин өтпөй келе жатат. Айрым ишкерлер жогорку структураларда да иштеп келишет эмеспи. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, Минкаб ишке ашыруу үчүн атайын токтом чыгарат. Атайын жумушчу топ түзүлүп, мыйзамды ишке ашыруунун тартибин иштеп чыгат”,- дейт Исаков.

Белгилей кетсек, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү ЕАЭБге кирген мамлекеттерде тамак-аш коопсуздугу боюнча атайын мыйзам бар экендигин, бизге да ушундай мыйзам учурда керек экендигин маалымдады.

“Айыл чарба министрлиги тамак-аш азыктарынын санына басып жасап келишсе, Саламаттык сактоо министрлигинин жана биздин кызыкчылык тамак-аштын сапаты болуп эсептелет. Анткени, сан менен барабар сапатка да өзгөчө көңүл бурулушу керек. Адамдын организмине терс таасирин тийгизбеген сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо башкы максат. Биз бул багытта мамлекеттин жалпы саясатын ишке ашыруу аракетиндебиз”, - деди Төлө Исаков.

WhatsApp Image 2025-06-05 at 12.23.41.jpeg

Ошондой эле ал жарандар тамак-аш азыктарын сатып алууда биринчи баасын сурабай, сапатын, коопсуздугу тастыкталган сертификатын сурашы керектигин кошумчалады.

“Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун тастыктаган сертификатты сураганга сатып алуучунун толук укугу бар. Сатуучулар сөзсүз түрдө кардарына бул тастыктамаларды көрсөтүп берүүсү керек. Эгер көрсөтө албаса анда тастыкталбаган же убагында лабораториядан текшерилбеген товарды сатып жаткан болот”,- деди ал.

Эскерте кетсек, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору өлкөдөгү тамак-аш продукциясынын коопсуздук тутумун өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.