Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Балалыгы кандуу согуш убагына туш келип, жаштайынан жокчулуктун, ачкачылыктын азабын тарткан баатыр эне Мария Акматалиева. Ал апаат мезгилиндеги оор учурларды эскерип, тылда иштеген аялдардын эрдигин, өзүнүн балалыгын айтып берди.
“Бут кийим жок, тамак-аш жок, бирде тойсоң, бирде тойбойсуң. Жегенибиз талкан. Бир кашык талканды чыныга салып коет. Ошонун үстүнө сууну куюп алып, аралаштырып жечүбүз. Ошентип жан сактап өлгөн жокпуз. Ал кезде согуш бир жагынан, ачкачылык бир жагынан басып аябай өлүм көп болуп жаткан кез эле. Мектебибиз оорукана болуп, кышы бою окуган жокпуз. Анан жаз алды менен эгин отодук, күзүндө машак тердик, орок ордук. Байкуш аялдар балдарын бешикке бөлөп алып көтөрүп жүрүп эгин сугарышат. Согуш деген согуш экен. Кудай согуштун атын да угузбасын”,- дейт баатыр эне.
Мария Акматалиева 1932-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районунда (азыркы Нарын району) Жаңы-Булак айылында төрөлгөн. Тогуз баланын апасы.