Талгат Аширбеков Кыргызстандын Египеттеги элчиси болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 15 май 2026 12:00
Талгат Аширбеков Кыргызстандын Египеттеги элчиси болуп дайындалды

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Аширбеков Талгат Аширбекович Кыргызстандын Египеттеги элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 15-декабрындагы жарлыгы менен Кыргызстандын Каир шаарындагы элчилиги түзүлгөн.