Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуусунда Семетей айылынын тургуну каза болгондугу тууралуу күбөлүк алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды айтып, жардам сурады.
Тургундун айтымында, анын кант диабети менен 30 жылдан бери ооруп, гемодиализ алып келген жубайы 2026-жылдын 16-майында Талас облустук ооруканасында каза болгон. Бирок ал Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылганда, ооруканадан берилген өлүм тууралуу маалымкат жараксыз деп табылып, сотко кайрылуусу керектиги айтылган. Натыйжада жаран адвокат жалдап, жубайынын каза болгондугун сот аркылуу тастыктоо үчүн үч күбөнү тартууга аргасыз болгон.
Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов бул жагдайга түшүндүрмө берип жатып, медициналык мекемелер адам каза болгондо өлгөндөн кийинки эпикризди жана анын каза болгондугун тастыктаган тиешелүү маалымкатты берерин билдирди.
Ал эми Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев аталган мекеме менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда маалымат алмашуу системалуу жолго коюлганын белгиледи. Анын айтымында, эгер адам ооруканада каза болсо, анын пенсиясын төлөө системада автоматтык түрдө токтотулат.
Маселени уккан соң Садыр Жапаров Социалдык фондго, Саламаттык сактоо министрлигине жана “Түндүк” мамлекеттик ишканасына ведомстволор аралык кызматташууну жөнгө салып, документтерди тариздөөдө жаралган санариптик жана административдик мүчүлүштүктөрдү жоюуну тапшырды.
Эске салсак, бүгүн, 3-ноябрда, президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.