Бишкек, 22.11.26. /Кабар/. Талас шаарында жаранды топ балдар темир жана жыгач таяктар менен сабаган факты боюнча 8 шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-ноябрында түн ортосунда Талас шаарынын көчөлөрүндө топ балдар алдын ала даярданып, 2000-жылы туулган А.Ш. аттуу жаранды темир жана жыгач таяктар менен уруп, денесине жаракат келтиришкен.
Бул факты Талас ШИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында окуяга тиешеси бар Талас шаарынын тургундары — 1995-жылы туулган Д.Б., А.Д., Б.А., М.К., Ч.Ж., К.А., Ш.А. жана 1994-жылы туулган Н.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.