Таластагы Касымбек-Ата базарында азык-түлүк жарманкеси өттү

Аймак 27 Апрель 2026 09:30
680680618_122210543972341273_7072029633354264527_n (1).jpg
679133440_122210544140341273_7203463865311323869_n.jpg
682704079_122210544062341273_1070914699251178643_n.jpg
Алдыга
Артка
680680618_122210543972341273_7072029633354264527_n (1).jpg
679133440_122210544140341273_7203463865311323869_n.jpg
682704079_122210544062341273_1070914699251178643_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районундагы Касымбек-Ата базарында азык-түлүк жарманкеси өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада жергиликтүү дыйкан жана өндүрүүчүлөр өздөрүнүн жашылча-жемиштерин арзандатылган баада сатышты. Ошондой эле жылкы эти 670 сом, уй эти 680 сом, кой эти 690 сомдон сатылды.

Өлкөнүн бардык аймактарында белгиленген график боюнча, май айына чейин азык-түлүк жарманкелери министрликтин райондук агрардык башкармалыктары тарабынан уюштурулууда.