Таласта токой өрттөндү. Тилсиз жоону өчүрүүгө ыкчам аракеттер көрүлүүдө

Аймак Загрузка... 18 Март 2025 15:30
copyright icon www

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Таласта токойдон өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүүгө ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында бүгүн, 18-мартта токойдо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:52де Талас шаардык №17 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:03тө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 эки күжүрмөн эсеп тартылган.

Кошумча маалымат берилет.