Таласта коррупцияга шектелип Жогорку Кеңештин экс-депутаты кармалды

Укук тартиби 9 июнь 2025 15:10
Таласта коррупцияга шектелип Жогорку Кеңештин экс-депутаты кармалды

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Таласта коррупцияга шектелип Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экс-депутатка карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. кармалып, Талас шаардык миилциясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.