Таласта 350 млн долларлык өнөр жай комплексин куруу пландалууда

Экономика 11 сентябрь 2026 16:00
805151073_1789415762085943_6218180759024775500_n.jpg
803227995_3143968245795003_5584038859583380173_n.jpg
805696632_1457860676391260_2553444834858437811_n.jpg
805980027_1024467097261900_2592868652309293270_n.jpg
Алдыга
Артка
805151073_1789415762085943_6218180759024775500_n.jpg
803227995_3143968245795003_5584038859583380173_n.jpg
805696632_1457860676391260_2553444834858437811_n.jpg
805980027_1024467097261900_2592868652309293270_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында бүгүн, 11-сентябрда "Манас Ордо" улуттук комплексинде Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү.

Документке президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын “QAZAQ BITUM Processing” компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол коюшту.

Меморандумда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу долбоорун даярдоо боюнча кызматташууну каралган.

Долбоорду ишке ашырууга салынуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 350 млн долларды түзөт.

Долбоор инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импортту алмаштырууга, ошондой эле Талас облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.