Талас жана Бакай-Ата райондорунда быйыл 37 чакырым жол асфальтталды

Аймак
Талас жана Бакай-Ата райондорунда быйыл 37 чакырым жол асфальтталды
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Талас облусунун Талас жана Бакай-Ата райондорунда быйыл жалпы 37 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Талас районунда акыркы беш жылда 73 чакырым жол асфальтталса, анын 28 чакырымына үстүбүздөгү жылы асфальт төшөлгөн.

Ал эми Бакай-Ата районунда акыркы беш жыл аралыгында 34 чакырым жолго асфальт төшөлүп, быйыл анын 9 чакырымы асфальтталган.