Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ысык-Көл облусундагы "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын ачылышында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 10 миңге жакын жумуш орду түзүлөрүн, анын басымдуу бөлүгүн Кыргызстандын жарандары ээлей турганын билдирди.
Анын айтымында, долбоор толук ишке ашырыла турган 2031-жылга чейин тартылган инвестициянын көлөмү 20 миллиард АКШ долларына жакын болушу керек.
Министр ошондой эле "Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын резиденттери үчүн мыйзамда каралган салыктык жеңилдиктерге токтолду. Ал улуттук мыйзамдардын алкагында бир катар салыктардан бошотулганына карабастан, резиденттер башкаруучу компаниянын кирешесин түзүүчү атайын төлөмдөрдү жүргүзөрүн белгиледи. Мыйзамга ылайык, бул каражаттардын бир бөлүгү Кыргызстандын республикалык бюджетине которулат.
Мындан тышкары, Сыдыков "Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагы обочолонгон аймак эмес экенин белгиледи.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу заманбап технологияларды жайылтууга, бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга шарт түзүп, бул бүтүндөй өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.
Министр ошондой эле айрым чөйрөлөрдө өзгөчө укуктук режим колдонулса да, "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көл облусунун жана Кыргызстандын ажырагыс бөлүгү болуп кала берерин эскертти.
Эске сала кетсек, бүгүн Ысык-Көл облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өтүүдө.