Психологдун жана дарыгердин кабинети бар. Сузакта 750 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

Аймак Жүктөлүүдө... 22 Апрель 2025 15:50
491662226_1182349063364141_7480487928012052788_n.jpg
491753490_1182349143364133_6649343377278664561_n.jpg
491802138_1182349126697468_8341329170218582080_n.jpg
491808910_1182349166697464_825526851280327690_n.jpg
492363955_1182349196697461_4985947867452754655_n.jpg
492412231_1182349176697463_6258904463193205844_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Н.Алыкулов атындагы 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу уланууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу комплекси 4 блоктон турат жана анын жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзөт.

Долбоор боюнча лабораториялар, компьютердик класс, азык-түлүк сактоочу жайы бар ашкана, актовый зал, психологдун жана дарыгердин кабинеттери каралган.

Мектеп жаштардын билим алуусу жана жалпы коомдун социалдык өнүгүүсү үчүн маанилүү объект болуп саналат.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулган.